Биз менен байланышыңыз

Ижевскиде куралдуу адам мектепке кол салып, 13 киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Сен 2022 | 295 | 0

Орусия Федерациясынын курамындагы Удмуртия мамлекетинин Ижевск шаарындагы №88 мектептеги ок атуунун курмандыктары он үч адамга жетти, анын ичинде жети окуучу бар.

Андан тышкары 21 адам, анын ичинде 14 окуучу жабыркаган. Ал арада милиция мектепке ок чыгарган адам өзүн-өзү өлтүргөнүн билдирди.

Бүгүн, 26-сентябрда эртең менен куралдуу адам Ижевскидеги мектептердин бириндеги окуучуларга кол салганы кабарланган. Күбөлөрдүн айтымында, кара костюмчан адам мектепке кирип барып, эки кароолчуну атып, андан кийин окуучуларга, мугалимдерге ок чыгарган.

Азырынча кол салган адамдын өздүгү аныктала элек.

Удмуртия бийлиги бул кандуу окуяга байланыштуу жалпы өлкөгө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM