Connect with us

Бишкекте мекен үчүн шейит кеткен баатырларга арналып баннерлер илинди

Кыска кабар | 25 Сен 2022 | 695 | 0

Бишкекте жайгашкан бир катар баннерлерге тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам шейит кеткен Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлери улук сержант Каныбек уулу Дурустун, кенже сержант Манас Баатырбековдун, улук сержант Акылбек Ташбековдин, катардагы жоокер Айбек Абдилабековичтин жана Атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын ага сержанты Мыктыбек Мурзажановдун жаркын элестерине арналып, сүрөттөрү илинди.

Бул тууралуу ИИМдин ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аскер кызматкерлери менен милиция кызматкерлеринин эрдигин өлкөбүздүн ар бир жараны билүүгө татыктуу.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM