Орусиянын Коргоо министрлиги жарым-жартылай мобилизациялоого кайсы тармактардын кызматкерлери чакырылбай турганын жарыялады.
Төмөнкү тизмеде көрсөтүлгөн адистер жарым-жартылай мобилизациялоодон бошотулат:
— маалыматтык технологиялар жана маалыматтык инфраструктуранын иштешин камсыз кылуу жаатында чечимдерди иштеп чыгууга, өнүктүрүүгө, киргизүүгө, коштоп жүрүүгө жана пайдаланууга тартылган маалыматтык технологиялар жаатындагы адистер;
— Орусиялык байланыш операторлорунун кызматкерлери жана байланыш курулмаларынын, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун, ошондой эле Орусия Федерациясынын жалпы пайдалануудагы байланыш каражаттарынын жана линияларынын туруктуулугун, коопсуздугун жана бүтүндүгүн камсыз кылууга тартылган кызматкерлер;
— маалымат жана байланыш чөйрөсүндөгү система түзүүчү уюмдардын кызматкерлери;
— улуттук төлөм системасынын жана финансы рыногунун инфраструктурасынын туруктуулугун камсыз кылган, накталай акча жүгүртүү уюмдарында иштегендер кызматкерлер.
Эске салсак, 21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын жарыялады. Мындан улам Орусиянын Мамлекеттик Думасы кылмыш-жаза кодексине «мобилизация», «аскердик абал», «аскердик мезгил» түшүнүктөрүн киргизген.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты. Министр армияга негизинен запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырыларын, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрүн кошумчалады.