Биз менен байланышыңыз

Орусия: Соңку 10 жылда жарандык алгандар милдеттүү түрдө аскерге чакырылышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2022 | 1014 | 0

Орусияда соңку 10 жылда жарандык алган борбор азиялыктар милдеттүү түрдө аскерге чакырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусия президентинин астындагы Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов маалымдады.

Анын айтымында, Владимир Путин тарабынан жарыяланган жарым-жартылай мобилизациянын алкагында президентке атайын сунуш даярдалууда.

Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү билдиргендей, соңку он жыл ичинде Борбор Азиядан келип, Орусиянын жарандыгын алган мигранттарды милдеттүү түрдө аскердик кызматка чакыруу сунушталып жатат. Бул сунуш Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарына тиешелүү.

«Жогоруда аты аталган өлкөлөр мигрант жарандарына башка өлкөнүн аскердик, согуштук аракеттерине катышпоо чакырыктарын таштап, эгер согушка катышса, анда кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп эскертүүдө. Биз буга адекваттуу жооп катары бул демилге даярдап жатабыз. Эгер Орусиянын жарандыгын алган мигрант аскердик милдетин өтөөдөн баш тартса, анда ал жана анын үй-бүлөсү жарандыктан ажыратылып, депортацияланат», — деп билдирген Кабанов.

Кабановдун пикиринде бул адилеттүү чечим болот.

Эске салсак, 21-сентябрда Орусия президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация боюнча жарлыкка кол койгон. Андан сырткары мигранттар арасында өз каалоосу менен бир жылдык аскер милдетин өтөгөндөргө автоматтык түрдө жарандык берүү боюнча да мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM