Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 22 Сен 2022 | 1364 | 0

Бүгүн, 22-сентябрда президент Садыр Жапаров менен Беларусь президенти Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM