Биз менен байланышыңыз

Өкмөт кышка даярдыгын баштады

Коом , Экономика | 22 Сен 2022 | 1015 | 0

Мамлекеттик мекемелер кышка даярдыгын баштады. Ушул жылдын август айынан баштап «Кыргызкөмүр» ишканасы кампаларын ачып, көмүрдүн тоннасын 4 миң сомдон сатып жатат. Ал эми Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, кышкы азык-түлүк жетиштүү камдалды. Мындан сырткары Бишкектин «Тазалык» муниципалдык ишканасы кышында жолдорду кар, муздан тазалоо үчүн техникалык туздун запасын толуктоодо.

Кыштан чыгуу үчүн өлкөгө 3 миллион тоннадан ашык көмүр керектелет. Анын ичинен 1 миллион 200 миң тонна элге, 1 миллион 70 миң тонна Жылуулук электр борборуна жана 250 миң тонна бюджеттик мекемелерге сарпталат.

«Кыргызкөмүр» ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова 1-августтан баштап мамлекеттик кампаларда тоннасы 4 миң сомдон көмүр сатылып жатканын айтты.

Учурда көмүр «Кара-Кечеден» ташылып жатат. Бүгүнкү күндө 105 миң тонна калкка сатуу үчүн, 115 миң тонна көмүр Жылуулук электр борборуна түшүрүлдү.

«Ушул жылдын 1-августунан тоннасы 4 миң сомдон көмүр сатыла баштады. Баарына кайрылганбыз, алыңыздар деп. Акыркы маалыматтар боюнча, 200-500гө чейин сом баанын үстүнө кошулуп жатат. Ал эми Кара-Кече көмүрүнүн баасы өзгөрбөй эле 1 миң 450 сомдон чыгып жатат. Азырынча көмүрдүн запасы Кара-Кечеден эле ташылып жатат. Казакстандан келери боюнча так маалымат алына элек. Августтун биринен баштап көмүрдү жүктөй баштаганбыз. Калкка жана ЖЭБге 220 миң тонна көмүр жүктөлдү. 105 миң тонна калкка, 115 миң тонна ЖЭБге».

Мурда жылдын октябрь айында көмүрдүн орточо керектөө баасы өлкө боюнча 2020-жылга салыштырмалу орточо эсеп менен бир тонна үчүн 19 пайызга чейин көтөрүлгөн.

Көмүргө эң жогорку баа Ноокатта бир тонна үчүн 9 миң 794 сом, Баткенде 9 миң  524 сом жана Исфанада 8 миң 642 сом болуп катталган.

Муну менен катар Айыл чарба министрлиги да кышка карата азык-түлүк запастарын даярдоодо.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинада согуш баштагандан бери Кыргызстандын экономикасында да оор абал түзүлгөн. Доллардын курсу кескин кымбаттап, азык-түлүктүн баалары жогорулаган. Орусиянын бажы кызматы ушул жылдын 11-мартында дан азыктарын жана кумшекерди үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салган.

Ошондой эле экономисттер буга чейин Украинада быйыл эч нерсе себилбей калганына байланыштуу кийинки жылы Кыргызстанда азык-түлүк тартыш болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков быйыл Кыргызстан Орусиянын ишканалары менен 46 миң тонна ун экспорттоо келишимин түзгөнүн билдирди.

Кышка карата азык-түлүктүн запасы жетиштүү.

«Бүгүнкү күндө азык-түлүктүн 9 түрү: дан, эт, жумуртка, сүт, бакча өсүмдүктөрү, мөмө-жемиштер, жумуртка, өсүмдүк майы жана кумшекер аныкталган. Сегиз айдын жыйынтыгында бүгүнкү күндө дан азыктары 88 пайыз, картошка 187 пайыз, сүт 123 пайыз, эт 70 пайыз, бакча өсүмдүктөрү 240 пайыз, мөмө-жемиш 21 пайыз, жумуртка 60 пайыз, өсүмдүк майы 71 пайыз, кумшекер 74 пайыз өзүбүздү камсыздап турабыз. Бардык өндүрүштүн запастары бар. Азыркы учурда Орусиядан 46 миң тонна ун алып келүү боюнча келишим түзүлдү. 46 миң тоннанын 38 миң тоннасы алып келинди».

Мындан сырткары кышында Бишкектин жолдору тайгак болуп, муз тоңбошу үчүн мэрияга караштуу «Тазалык» мунициапалдык ишканасы техникалык туздун запасын камдап жатат.

Ишкананын пландоо-экономикалык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мурат Эсеновдун айтымында, учурда 8 миң тоннага жакын туз жана шаардын карын тазалап турган 26 атайын техника даярдалууда.

«Жыл сайын биринчи ноябрдан баштап күз-кыш мезгилине карата даярдыктар башталат. Өзүбүз план боюнча быйыл 4 миң тонна туз сатып алмакпыз. Мындан сырткары борбордук кампада былтыркыдан 3 миң 800 тонна туз сакталып турат. Муну менен катар 26 унаа бар. 1-ноябрдан баштап бул унааларды кышка даярдайбыз. Кум салуучу, туз салуучу каражаттарын орноштурабыз».

Энергетика министрлиги болсо жылуулук берүү мезгилинде электр энергиясы өчүрүлбөй турганына ишендирүүдө.

6-сентябрга Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,3 миллиард куб метрди түздү, бул күз-кыш мезгилине жетет.

Былтыркы кыш оор өттү. Токтогул суу сактагычында суу өтө аз топтолгондуктан, Кыргызстан электр энергиясын кошуналардан сатып алууга аргасыз болду.

Ал эми энергетитка тармагы боюнча адистер кыштан чыгуу үчүн 16-17 миллиард куб метр суу керек экенин белгилешет.

Copyright © 2017 Maral FM