Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенге жөнөштү

Кыска кабар | 22 Сен 2022 | 2152 | 0
Сүрөт 24.kg сайтынан алынды

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу маселелерди жабык карашты. Андан соң депутаттар Баткен облусуна жөнөп жатышат.

Айрым депутаттардын айтымында, алар Баткенге абалды текшерип, тургундар менен жеке жолугушуу максатында өз каалоолору менен барышат.

Бүгүнкү жыйын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн.

14-17-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунда 59 адам курман болду, 200дөй адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды.

Буга чейин бир катар депутаттар Баткенге барып, эвакуацияланган жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жардамдарын берип келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM