Биз менен байланышыңыз

Орусиянын президенти өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2022 | 473 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыялап, тийиштүү жарлыкка кол койгон.

Мобилизация тууралуу маалымат Путиндин калкка кайрылуусу учурунда айтылды.

Орусиядагы аскердик мобилизация тууралуу жарлык бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.

«Орусиянын Украинадагы «атайын операциясына» катыша турган жарандарга келишим менен кызмат кылып жаткан аскерлердин макамы берилет. Ошондой эле мобилизация кылынгандар согушка даярдык боюнча машыгуулардан өткөрүлөт», — деген Владимир Путин.

Жаңы жарлыкка ылайык, мобилизациянын биринчи баскычында 35 жашка чейин катардагы аскерлер, кичи жана ага лейтенанттар чакырылат. Экинчи баскычта 45 жаштан өйдө аскерге жарамдуу жарандар мобилизацияланат.

Ошондой эле, орус бийлиги чет элдиктер үчүн Орусиянын жарандыгын алууну жеңилдетип, келишимдик негизде орус армиясында бир жыл кызмат өтөгөн жарандарга автоматтык түрдө, бюрократиясыз жарандык бериле турганын жарыялады.

Москва шаарынын мэри мгиранттарды тейлеген Сахароводогу борбордо жакында атайын бөлүм ачылат деп билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM