Биз менен байланышыңыз

Баткенди кантип экономикалык жактан күчтөндүрөбүз?

Экономика | 21 Сен 2022 | 311 | 0

Тажикстан Кыргызстандын Баткен облусуна 14-17-сентябрда кол салып, 59 жаран шейит кетти. Жабыр тарткандар 200дү түзсө, ушу кезге дейре дайынсыз болуп жаткандары да бар. Учурда Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда абал тынч, бирок чыңалуу дале бар. Мамлекеттик жетекчилер чек ара маселесин сүйлөшүү жолу менен чечүү аракетин көрүп жатат. Чек арадагы окуялар өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү ортого алып чыкты. «Өлкөнү кантип экономикалык жактан күчтөндүрөбүз?» деген суроо күндүн негизги темасына айланууда. Эксперттер экономикалык кризистен чыгуунун жолдорун айтып, сунуштарын берүүдө.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Чынгыз Айдарбеков кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечүүнүн бир жолу катары социалдык-экономикалык программаларды иштеп чыгып, аларга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин сунуштады.

«Баткенде болгон акыркы окуя көп маселени ортого алып чыкты. Ал маселелердин үстүнөн жалгыз гана Жогорку Кеңеш эмес, бүт мамлекеттик органдар тыгыз иш алып барышы керек. Кыргызстандын эң чоң жетишкендиктери ачык коомубуз, аны сакташыбыз керек. Бюджеттин алкагында социалдык-экономикалык программаларга, долбоорлорго өзүнчө көңүл буруу менен басым жасашыбыз керек. Буларды ишке ашыруу менен Кыргызстан коңшуларга өзүнүн күчтүү экендигин көргөзө алат. Жалаң ушундай жолдор менен мамлекетибизди сактай алабыз. Экономикалык жактан өркүндөп өсүү кадамдарын колдошубуз керек. Ошондуктан Баткен облусун кантип өнүктүрүшүбүз керек, канча акча бөлүшүбүз керек? Ушул маселелерди карап чыгышыбыз зарыл».

Баткендин чек арага чектеш Ак-Сай айылында тоок ферма кармаган ишкер Матиса Надировду Тажикстандын куралчандары өлтүрүп, чарбасын өрттөп жиберишкен. Жергиликтүү калктын айтымында, маркум ишкер атайын чек арадагы жердештерине жумуш орундарын түзүү, өз айылын өнүктүрүү ниетинде иш баштаган. Азыр мындан башка канча чарба зыян тартып, жалпы канча чыгымга учураганы айтыла элек.

Мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев ишкерликти өнүктүрүү үчүн өлкөдө коопсуздук, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күчтүү экономика болушу керектигин айтат. Ошондуктан мамлекет ишкерлерге коопсуздукту жана мүлктүн кол тийбестигин кепилдеши зарыл.

«Коопсуздук болбосо экономика да өнүкпөйт. Экономика өнүкпөсө, мына Баткенди көрүп жатабыз. Ал жакта жумушсуздук көп болгондуктан эң көп миграцияга чыгышат. Азыр ал жакта керек болсо мамлекеттик саясат жүргүзүү керек. Ошондуктан негизги шарттарды түзүп беришибиз керек. Мамлекетти жана экономиканы өнүктүрүүдө эки жол бар: биринчиси, долбоорлорду сунуштоо; экинчиси, шарт түзүп берүү. Азыркы бийлик долбоорлорду түзүү ыкмасын пайдаланып жатат. Бул жерде мамлекеттик ишканалар түзүлөт. Мисалга, «Кыргызиндустрия» сыяктуу. Бирок бул жакта коррупциялык тобокелчиликтер көп жана менеджмент да начар. Ал жакка жетекчи болуп тааныш-билиштер келет да, ишкананы жакшы деңгээлге чыгара алышпайт. Мамлекеттик ишканалар болгондуктан, алар туура эмес кадамдарды жасап алса, каржы министри чыгымдарды кечип койсунчу деп кайрылышат. Жеке чарбалыктарда андай эч качан болбойт, ар биринин мотивациясы бар. Алар максат коюп, тытынып иштешет. Бизде көрүп жатабыз «Үмүт жана Ко» деген компаниянын жетекчисин кармап туруп, 800 млн сомун алып койду. Бул — жеке менчиктин кол тийбестиги жок дегендин көрсөткүчү. Мындай учурларды көргөндө ишкерлер албетте, коркот. Өзгөчө Баткенде дайыма туруксуздук болуп жатса, ал жактан качканга аракет кылышат. Ошондуктан мамлекет тараптан шарттар түзүлүп, иштегенге мүмкүнчүлүк берилиши керек. Азыр чек арадан алыс шаар-айылдарды күчөтүп алса, сырттан эң акыркы технологияларды алып келип берсе, туура кадрларды тандаса, анан каржы жагынан көмөктөшүшү зарыл». 

Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев билдиргендей, өткөн жылы Баткен облусуна өзгөчө статус берилип, облусту өнүктүрүү программасынын алкагында ар жылы 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүү тапшырылган. Бирок өткөн жылда бөлүнгөн акча бүгүнкү күнгө чейин которула элек.

19-сентябрда Баткен облусуна тажик тараптын куралдуу кол салуусунун кесепеттерин жоюу үчүн республикалык бюджеттен 497,6 млн сом бөлүндү.

Экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров Өкмөттүн ишкерлерге түзгөн шарты боюнча айткан сөзү менен жасалып жаткан мамиле дал келбестигин айтат. Анын баамында, бийлик ишкерлерге карата рейддерлик басып алуучулук аракети менен өлкөнүн экономикасын талкалап жатат.

«Бизге бийлик 1000 жолу «бизде инвестициялык климат эң жакшы, ишкерлерге эң жакшы шарттарды түзүп берип жатабыз, мыйзамдар эң жакшы иштейт» деп. Бирок иш түрүндө эмнени көрүп жатабыз? Иш жүзүндө «Үмүт жана Ко» деген компанияга жасалган мамилени көрүп жатабыз. Бул окуядан кийин көптөгөн ишкерлерде «менин деле акчамды эч мыйзамсыз эле тартып алышы мүмкүн экен» деген ой пайда болду. Биздин бийлик андайга эч жол бербеши керек. Тажикстандан коргоп, өзү дагы рейдерлик басып алуучулук ролду ойнобошу керек. Мындай өлкө эч качан өнүкпөйт, Советтер союзу да дал ошондон кулады. 70 жыл турду, бирок экономикасы талкаланып калган. Кытай деле мындан өтүп, бобой тургандыгын түшүнүп, ишкерлерге шарт түзүп берди. Биз Баткенди өнүктүрөбүз десек, бир да сомдун Баткенден качышына себепчи болбошубуз керек. Бул жаман көрүнүш, мындай көрүнуштөр акыркы учурда көбөйүп кетти. Аны токтотуш керек. Тескерисинче, прокурор болобу, сот болобу ишкердин ишмердигине мыйзамсыз кол салса, аларга карата катуу чара көрүш керек».

Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек биринчи кезекте экономиканын өсүшүнө тоскоолдук жаратып жаткан нерселерди аныктап, сот жана укук коргоо реформасын баштоо керектигин белгилейт.

«Эң негизги маселе мына өлкөбүздүн чыныгы абалын көрдүк, ошондон сабак алып, мындан ары өлкөнү күчтүү абалга алып келүүнү максат кылышыбыз керек. Ошонун алдындагы тоскоолдуктарды жана тобокелчиликтерди белгилеп, аны чечүү жолуна киришибиз керек. Муну кандай кылат? Эң эле биринчи өлкөнүн өнүгүү багытын белгилеп алуу керек. Биз келечекте кандай Кыргызстан каалайбыз? Ага тоскоол болгон эмне? Мына ошолорду жоюу керек. Жогорку Кеңешке болгон, жергиликтүү бийликке болгон жасалма чектөөлөрдү, сөз эркиндигине, активисттерге, ишкерлерге болгон кысымды алып салып, сот жана укук коргоо органдарынын реформасын жасоо керек». 

Баткен облусунда 537 миң калк бар. Алардын 65%ы, тактап айтканда, Кыргызстанда эң көп Баткен облусунун тургундары ички жана сырткы миграцияда жүрөт. Ошондой эле Баткен облусунун айыл өкмөттөрүнүн 99%ы, тактап айтканда, 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, 21-сентябрга карата Баткен облусунун калкын колдоо үчүн ачылган атайын эсепке 197 млн 3 миң 547 сом түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM