Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев Тажикстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 1649 | 0

Бүгүн, 20-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өзбек президентинин расмий сайты жазды.

Президенттер кыргыз-тажик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяны талкуулашып, Мирзиёев Рахмонго көңүл айткан.

Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун “Самарканд саммитинин” жана анын алкагында өткөн эки тараптуу жолугушуунун негизги жыйынтыктары боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, кабыл алынган чечимдерди тез арада ишке ашыруу, биринчи кезекте энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу долбоорлорун даярдоо, ишке ашырууну тездетүү жөнүндө сөз болгон.

Өзбекстандын президенти бүгүн эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM