Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга куралдуу кол салуу: Милициянын улук сержанты Мыктыбек Мурзажанов да шейит кеткен

Кыска кабар | 19 Сен 2022 | 1169 | 0

16-сентябрь күнү Тажикстандын куралдуу кол салуусунан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын улук сержанты Мурзажанов Мыктыбек Ниматович баатырларча курман болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мыктыбек Мурзажанов 2019-жылдан тартып Кыргызстандын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан ѳзүнчѳ ротасында кызмат өтөп, өз милдетин мыкты аткарган, эл-жери үчүн күйгөн кичи пейил кызматкер катары кесиптештеринин элесинде калды.

Мыктыбек Мурзажанов үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына ИИМдин жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең болүшөт.

ИИМдин Ички аскерлеринин Баткен облусунун чек ара аймагына Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары улук сержант Каныбек уулу Дурус, кенже сержант Баатырбеков Манас Баатырбекович, улук сержант Ташбеков Ачылбек Абдибааповичтин жана катардагы жоокер Абдилабеков Айбек Авалткановичдер каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM