Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга кол салуу. Жабырлануучулардын саны 139га жетти

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 254 | 0

Баткен облусунун аймактарына Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жабыркап, өтө оор жана орточо оор абалда тургандардын саны 139ду түздү.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков 18-сентябрда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучулардын дээрлик баарына операция жасалды. Арасында 35 адам аскер кызматкерлери. Бирок бул сан дагы такталууда.

Баткендин Лейлек районуна Бишкектен 34 дарыгер, Баткен районуна Ош, Жалал-Абаддан дарыгерлер барды. Ошондой эле дары-дармектердин көлөмү да жетиштүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM