Биз менен байланышыңыз

Сүлүктү — Раззаков — Баткен унаа жолу ачылды

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 213 | 0

Сүлүктү — Раззаков — Баткен жолу унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай-Баткен унаа жолунун Төрт-Көчө тилкесинде да унаалар жүрүүгө болот.

Транспорт министрлиги Баткен облусундагы жолдордун айрым тилкелери Тажикстан тарабынан келтирилген зыяндан кийин жүрүүгө жараксыз болуп калганын маалымдаган.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев түз эфирде билдиргендей, Лейлек районунан Ош шаарына каттамдар бар, жол кыймылы коопсуз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM