Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Саат 23:30га карата абал курч бойдон калууда

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 917 | 0

Бүгүн, 16-сентябрь саат 23:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Тажик тараптан Кыргызстандын позицияларын аткылоо уланып, айрым аймактарда айыгышкан салгылашуулар жүрүүдө.

Саат 22:20да тажик аскер кызматкерлери КР УКМКнын «Тамдык» чек ара заставасын аткылай башташты.

Тажикстандын аймагында Кыргыз Республикасынын чек арасына кошумча күчтөрдүн жана каражаттардын, оор жана автотехниканын өтүшү катталууда.

Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Лейлек жана Баткен райондорунун карама-каршы аймактарында тажик тарап күчтөрдү жана каражаттарды кайра топтоп жатат.

Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы душмандын чабуулунун мизин кайтарууну улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM