Биз менен байланышыңыз

Баткен облусу боюнча 136 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 433 | 0

Бүгүн, 16-сентябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, тургундарды эвакуациялоо башталган.

Калкты эвакуациялоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте убактылуу жайгаштыруу пункттары ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш-чаралар уюштурулуп жатат. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга чыгып жатышат.

Азыркы учурда алдын ала маалымат боюнча жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланды.

Алар: Баткен районунун, Баткен шаарынын, Лейлек районунун, Раззаков шаарынын тургундары.

Мындан тышкары, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан 2800гө жакын жаран Дароот-Коргон жана Кашка-Суу айылдарына эвакуацияланган. Эвакуация боюнча маалымат кошумча такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM