Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны өтүүдө

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 896 | 0

Бүгүн, 16-сентябрь кечки саат 19:50гө карата маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Бул маалыматты Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тастыктады.

Жыйында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал талкууланууда.

Жолугушууга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана башкалар катышууда.

Садыр Жапаров Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн ШКУ саммитинен бүгүн кечке жуук кайтып келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM