Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 222 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусу аяктады.

Анда Кыргызстандын аймагындагы тилкеде «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу кызматташтык макулдашуусуна кол коюлду.

Садыр Жапаров саммите ШКУнун алкагында ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында өлкө лидерлери уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту.

ШКУнун Саммитинин алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти менен мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.Өлкө лидерлери ок атышууну токтотуу жана согуштук линиядан күчтөрдү жана каражаттарды чыгарып кетүүнү макулдашты.Ошентип ал 16-сентябрда кечинде Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM