Биз менен байланышыңыз

Парламент Баткендеги кырдаал боюнча эки шаарда атайын штаб түздү

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 262 | 0

Бүгүн, 16-сентябрда Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу өткөрүлгөн кезексиз жыйындан кийин төрага Талант Мамытов баштаган депутаттар сыртка чыгып, чек арадагы кырдаал боюнча пикирин билдирүү үчүн парламент имаратына келгендер менен кайрадан жолугушту. 

Жолугушууда Талант Мамытов Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү жумуштарды жүргүзүп жатканын айтып, парламент бардык керектүү чечимдерди кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзөөрүн маалымдап, штабдын алкагында депутаттар тийиштүү жумуштарды алып барарын кошумчалады.

Ошондой эле төрага баштаган депутаттар борбордук штабдын алгачкы жыйынын өткөрүп, Баткен облусунун өкүлдөрү менен бирге кырдаалды талкуулады.

Эскерте кетсек, бүгүн парламент кезексиз жыйынга чогулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM