Биз менен байланышыңыз

УКМК: Күч органдары кырдаалды турукташтыруу боюнча иш алып барууда

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 471 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында мамлекеттик чек арадагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча бир катар күч органдарын камтыган комиссия өз ишин улантып жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тажик тарап менен жетишилген макулдашуулардан кийин атышуулар бир топ басаңдады.

Учурда комиссиянын мүчөлөрү жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну уюштуруу жана кырдаалды мындан ары турукташтыруу иштерин жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM