Биз менен байланышыңыз

Чек арада саат 17:00гө карата абал курч бойдон калууда

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 268 | 0

УКМКнын Чек ара кызматы саат 17:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон турганын билдирди.

«Жетишилген макулдашууларга ылайык, кагылышуу болгон аймактарда ок атууну токтотушту, тажик тараптан аткылоо басаңдады. Бирок чек аранын айрым жерлеринде тажик аскерлери маал-маалы менен Кыргызстандын позицияларына ок чыгарууда» , — деп айтылат маалыматта.

Саат 16:00гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мамлекеттик чек ара линиясында ок атууну толук токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Чек ара аскерлеринин бардык кошуундарына жана башка түзүмдөрүнө мамлекеттик чек аранын жалпы чеги боюнча ок атышууну токтотуу буйругу берилди.

Тараптардын тиешелүү комиссиялары түзүлүп, анын курамына Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Ички иштер министринин орун басары, облустун ички иштер башкармалыгынын жетекчилери, УКМКкын жетекчилиги кирген.

Жеринде эки өлкөнүн УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM