Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын аскерлери Баткендеги мектепти ээлеп алды

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 917 | 0

Бүгүн, 16-сентябрь саат 14:00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда. Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Достук айылындагы мектепти ээлеп алды.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

«Ошондой эле тажик тарап чек арага жакын жашаган тургундарын «тирүү» калкан катары колдонуп, муну менен карапайым калк арасында чоң жоготууга учуроодо», — деп айтылат маалыматта.

14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Тажикстандык чек арачылар Баткендин дагы үч жеринде ок чыгарышкан. 16-сентябрь таңдан бери кыргыз-тажик чегиндеги айылдарга аткылап жатышат.

Тажикстан сүйлөшүүлөргө карабай оор согуштук техникаларды колдонуп жатканын УКМК билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM