Биз менен байланышыңыз

17-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 213 | 0

Эртең, 17-сентябрда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29,

Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +22…+27,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +27…+29 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM