Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Баткенде өлүм учуру катталган жок

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 268 | 0

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы аймактарда тажик тараптын кол салуусунан улам адам өлүмү катталган жок. Бул тууралуу Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармакта адам өлүмү менен коштолгон окуя болгонун жазышкан. Министрлик маалымат тастыкталбаганын билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы курал колдонулган жаңжал 14-сентябрда башталган.

16-сентябрда таңдан тарта Тажикстан менен чектешкен бардык аймактарда кол салуу башталды.

УКМКнын маалыматы боюнча, тажик тарап Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге кол салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM