Биз менен байланышыңыз

УКМК: Чек арада абал жөнгө салынууда

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 234 | 0

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды жөнгө салуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

«Интернет булактарында Баткенде курал-жарак, ок-дарылар жана башка материалдык-техникалык камсыздоо жетишсиз деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Коопсуздукту камсыз кылуу жана тышкы агрессиянын мизин кайтаруу үчүн жетиштүү күчтөр жана каражаттар бар» , — деп айтылат Атайын кызматтын маалыматында.

УКМК коомчулукту жалган маалыматтарга ишенбөөгө, дүрбөлөң салбоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM