Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик УКМК башчылары сүйлөшүү жүргүзүп жатат

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 521 | 0

Учурда Кыргызcтан менен Тажикстандын ортосунда ок атышууну токтотуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Сүйлөшүүлөргө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов катышууда.

«Буга байланыштуу ок атууну интенсивдүүлүгү төмөндөп жатат. Ок атышууну толук токтотуу жана кырдаалды андан ары жөнгө салуу боюнча иштер жүрүүдө» , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM