Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек ара башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 440 | 0

Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдиргендей, 16-сентябрь саат 10:15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон, ок атышуу уланып жатат.

Маалыматка караганда, ок атышууну токтотуу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында эки тараптуу жолугушууну уюштуруу боюнча Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысы Раджабали Рахмоналинин ортосунда телефондук сүйлөшүү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чек ара ведомстволорунун жетекчилери саат 10:00дөн тарта ок атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок тажик тарап Кыргызстандын позицияларын аткылоону улантууда.

Саат 8:30дан баштап Кыргызстандын Чек ара кызматы ок атышууну токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок тажик тарап келишимдерди аткарбай жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM