Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы ок атуудан жабыркагандардын бирөөсүнүн абалы оор

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 992 | 0

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек аймактык ооруканасында дарыланып жаткан кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон окуядан жабыркагандардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Камчыбек Ташиев бейтаптардын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Маалыматка карганда, Лейлек аймактык ооруканасында жалпы 3 жаран дарыланууда. Алардын экөөнүн абалы орто. Ал эми бир жаранга операция жасалган. Дарыгерлердин айтуусу боюнча анын абалы оор деп бааланууда.

Ок атуудан жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө.

Кечээ, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылган. Андан эки чек ара аскери жана 4 жергиликтүү тургун ар түрдүү жаракаттарды алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM