Биз менен байланышыңыз

Быйыл дыйкандар эки эсе көп түшүм алды

Коом , Экономика | 15 Сен 2022 | 817 | 0

Айыл чарба министрлиги быйыл өлкөдө дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйгөнүн билдирди. Анын ичинен буудай өлкө боюнча 615 миң тоннадан ашык көлөмдө чогулду. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 260 миң тоннага көп. Дыйкандар оруп, жыйноо иштеринин мол болушуна аба-ырайы жакшы болгонун, ошондой эле мыкты сорттогу үрөндөрдүн себилиши менен байланыштырды. Мындан сырткары Айыл чарба министрлиги учурда айдоо жерлерин күзгү айдап-себүүгө даярдап жатат.

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Кой-Таш айылынын тургуну Чыңгыз Дунганов бир топ жылдан бери буудай эгип, дыйканчылык менен алектенип келет. Ал быйыл дан эгиндери жакшы түшүм бергенин айтты.

«Дан эгиндери боюнча быйыл түшүмдүүлүктүн көрсөткүчү жакшы. Кой-Таш айыл өкмөтүндө жашаган дыйкандардын эгиндери жакшы түшүм берди. Бул мурдагы жылга караганда эки, үч эсе көп. Быйыл аба-ырайы жаанчыл болуп, дыйкандарга жакшы шарттарды түздү. Муну менен катар үрөндүн сапаты да жогору болду. Өз көзүм менен көрдүм баарыныкы жакшы түшүм берди».

Айыл чарба министрлиги ушул жылдын башында Орусиядан 12 миң тоннадан ашык арпа-буудайдын үрөнүн алууга келишим түзгөн. Орусия-Украинадагы кырдаалга байланыштуу үрөн кечигип келген. Анын ичинен 6 миң тоннасы себилип, калганы кийинки жылга сакталууда.

Министрликтин Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдүн карантини бөлүмүнүн башкы адиси Адилет Нарынбековдун айтымында, Орусиянын фирмаларынан келген үрөндөрдүн сапаты жакшы чыгып, аба-ырайы да түшүмдүүлүктүн жогору болушуна себеп болду.

«Быйыл аба-ырайы ыңгайлуу болгондуктан дыйкандар үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Оруп, жыйноо иштери жакшы темпте жүрүп жатат. Мамлекеттик бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнүп, Орусиянын мыкты фирмаларынан үрөндөрдү сатып алууга жетиштик. Буудайдын үрөнү өлкө боюнча 233,7 миң гектар жерге себилген. Бүгүнкү күндө 95,4 пайызы жыйналды. Ошондой эле арпа 237,6 миң гектар жерге себилип, 91 пайызы жыйналды. Ал эми былтыры кургакчыл болуп, түшүмдүүлүк төмөн болду. Быйыл 10,3 центнерге, башкача айтканда 2 эсе жогору болуп жатат».

Мындан сырткары министрликтин өкүлү быйыл күзгү айдап-себүүгө даярдыктар кандай жүрүп жатканын айтты.

«Күзгү даярдыктар тууралуу айтсам, быйыл өлкө боюнча күздө себиле турган буудайдын аянтын 180 миң гектарга жеткирүү пландалып жатат. Азыркы учурда Орусиянын үрөнчүлүк ишканаларындагы күздүк буудайдын үрөндөрүн сатып алдык. Акырындап Кыргызстанга ташылып жатат. Дыйкандарга Айыл банк аркылуу насыяга берилет. Учурда айдоо алдындагы сугаруу, топуракты даярдоо иштери жүрүп жатат. Сентябрь жана октябрь айларында массалык түрдө күздүк себүү иштери жүрөт».

Айыл чарбасын колдоо үчүн 2022-жылга мамлекеттик бюджеттен 26 млрд сомдон ашык каражат каралган. Анын ичинен «Айыл чарбасын каржылоо-10» долбооруна 6,2 млрд сом бөлүнүп, иш жүзүндө анын 4 млрд сому берилди.

Агроном Турусбек Асаналиев жерди күзгү айдоого кантип туура даярдоонун жолун түшүндүрдү.

«Бошоп калган жерлерге минералдык жер семирткичтерди кошуп, топуракты анализге бериш керек. Анализде баары билинет. Топурактын курамына кандай заттар жетишпейт. Ошол анализ аркылуу билсе болот. Керектүү заттардын баарын толуктап, андан соң гана жерди айдоо керек. Азыркы күзгү жыйын теринден бүткөн соң, жерди жазгыга калтырбай, азыр айдап коюш керек. Ал эми үрөндүн сапатына өзгөчө көңүл буруш керек. Кайсы жерде үрөн жакшы өнүп, түшүмү сапаттуу болсо, ошол жерде урук алса жакшы болот. Аны да тазалап, текшерип эгиш керек. Жерди канчалык эрте айдаса, ошончолук күчүнө кирип калат».

Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянсак, дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо үчүн 2022-жылдын бюджетинен 1,5 млрд сом каралып, анын 1 млрд сомуна 24 тоннадан ашык үрөн сатып алынган.

Мындан сырткары кампада быйыл күзгү себүүгө 6 миң тонна дан эгиндеринин үрөнү сатылып алынган.

Ал эми кийинки жылдын жазгы себүүсүнө 6 миң тоннадан ашык жаздык арпа, буудай үрөнү сакталып турат.

Copyright © 2017 Maral FM