Биз менен байланышыңыз

Казакстан Арменияга ЖККУ алкагындагы тынчтык миссиясын жибербейт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 699 | 0

Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди ЖККУ алкагында Арменияга тынчтык миссиясы жиберилбей турганын билдирди.

Министрдин айтымында, Казакстан Армения менен Азербайжан чек арасындагы кагылышуу боюнча толук объективдүү маалыматка ээ эмес. Ал эки тараптан эки башка маалыматтар келип түшүүдө, -деп билдирди.

Казакстандын тышкы иштер министри ЖККУнун чукул жыйынында, өлкө башчылары Арменияга ЖККУнун баш катчысын жиберүү чечимин кабыл алганын айтты. «Мамлекет башчыларынын чечими менен алгач баш катчы чыр чыккан жерге барып, абал тууралуу толук таанышып маалымат бериши керек. Себеби азыр эки тараптан эки башка маалыматтар келүүдө. Анын үстүнө Азербайжан менен Армениянын чек арасы толук делимитация жана демаркация болбогондуктан, азыр чек араны бузуп кирүү тууралуу сөз кылууга эрте», — деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Армения бийлиги Азербайжан менен чек арасындагы абалдан улам, 13-сентябрда ЖККУга аскерий жардам сурап кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM