Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда «Ювентус» футболдук клубунун академиясы ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 496 | 1

Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбү шаарында «Ювентус» футболдук клубунун академиясы ачылды. Жаңы спорт-комплекстин ачылышына тажик президенти Эмомали Рахмон жана анын уулу, Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустам Эмомали катышкан.

UFC Gym спорт-комплекси жергиликтүү ишкер, «55 Групп» компаниясынын жетекчиси Даврон Джураев тарабынан курулган. Курулушка жалпы 30 млн сомони (дээрлик 3 млн доллар) коротулган.

UFC Gym — америкалык спорттук залдардын түйүндөрү. Ал 2009-жылы негизделип, учурда дүйнөнүн 32 өлкөсүндө 150дөн ашык филиалы бар.

Ал эми «Ювентус» футбол академиясы да Дүйшөмбү шаарында аталган спорт-комплекстин жанында курулду. Анын оюн аятнчасына 16 жашка чейинкилер арасында эл аралык беттештерди кабыл алууга болору айтылды. Футбол аятнчасы пайдубалы, газону жана жарыктандыруусунан бери ФИФАнын техникалык көрсөтмөлөрүнө ылайык жасалган.

Академия «Ювентус» клубунун методологиясы менен жаш өспүрүмдөрдү машыктырат. Ага 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды кабыл алышат. Учурда «Ювентус академиясы» долбоору Европа, Азия жана Американын 50дөн ашык өлкөсүндө бар болуп, 20 миңдей баланы тарбиялап келет.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Мики

    23.09.2022 11:05

    Дүйшөмбү эмес, Душанбе.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM