Биз менен байланышыңыз

2023-жылы Кытайдан ашып өтөт: Индияда төрөлүү санына чектөө киргизүү маселеси көтөрүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 806 | 0

Индиядагы демографиялык көйгөйдү чечүү үчүн жакынкы 50 жылда төрөлүү санына чектөө коюу сунушталууда. Мындай демилгени Rastriya Svayamsevak Sangh (RSS) оңчул улуттук партиясынын баш катчысы Манмохан Вайдя көтөрүп чыгып, The Economist басылмасына баяндама жазган.

«RSS партиясы улуттун алдыдагы 50 жылдык өнүгүүсү боюнча өз сунуштарын берди. Учурда мамлекет узак мөөнөткө калктын төрөлүү санына чектөө койгон саясатка муктаж. Биздин партия ушул саясатты колдойт», — деген индиялык саясатчы.

Партиянын дагы бир башка мүчөсү өткөн жылы Вижай Дашами фестивалында да ушул маселени көтөргөн болчу. Анда Бхагвата калктын санынын тез өсүшү келечекте көптөгөн көйгөйлөрдү келип чыгарат деп айткан.

2022-жылы World Population Prospects 2022  жарыялаган баяндамада БУУнун дүйнөдөгү демографиялык божомолу да бар. Анда 2023-жылы Индия калктын саны боюнча Кытайдан ашып өтөрү айтылган. Учурда Кытайдын калкынын саны — 1,426 млрд, Индиядагы калктын саны — 1,412 млрд.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM