Биз менен байланышыңыз

Нур-Султан шаарынын ысымы кайрадан Астана деп өзгөртүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Сен 2022 | 759 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламент депутаттарынын борбор калаага Астана ысымын кайра берүү боюнча сунушуна макулдугун берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Руслан Желдибай билдирген.

Депутаттардын борбор калаа Нур-Султан шаарынын ысымын кайра Астана деп өзгөртүү сунушу конституциялык мыйзам долбооруна киргизилди.

«Өлкө башчынын борбор калаанын ысымын алмаштыруу боюнча депутаттар киргизип жаткан сунуштан кабары бар. Депутаттарга алардын шайлоочулары жана бир топ жарандар сунуштаган. Депутаттардын демилгеси Конституциялык мыйзам долбооруна киргизилди», — деп жазган Желдибай.

Ошол эле учурда казак президенти борбор калааны тургузууда, мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө Нурсултан Назарбаевдин эмгеги талашсыз экендигин жана бул тарыхий факт деп белгилеп өткөн.

Президенттин маалымат катчысы Нур-Султан шаары кайрадан Астана деп аталса да, Назарбаевдин ысымынан коюлган башка жер-суу аттары, имарат же мекемелердин аталышы өзгөрбөшү керек деп эсептейт.

Белгилей кетсек, коңшу Казакстандын борбор калаасы 2019-жылы Нур-Султан шаары деп туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин урматына өзгөртүлгөн. Бул демилгени президент Касым-Жомарт Токаев өзү көтөрүп чыгып, жарлыкка да кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM