Биз менен байланышыңыз

Зеленский Украинанын беш аймагында блэкаут болгонун жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Сен 2022 | 739 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский Харьков облусунда электр жарыгы толугу менен өчкөнүн, ошондой эле Запрожье, Днепрпетровск, Сумск жана Донецк облустарынын да көпчүлүк бөлүгүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын билдирди.

«Страна.ua» басылмасы маалымдагандай, беш аймактагы блэкаут учурунда Полтавада электр кубатынын жетишсиздигинен троллейбустар өрттөнүп кеткен. Харьковдо поезддер жүрбөй калган. Жүргүнчүлөр ара жолдо калганы айтылууда. Бирок кийинчерээк, Полтава, Сумск жана Днепрпетровск облустарында электр жарыгы кайрадан берилгени айтылды.

Зеленскийдин офиси билдиргендей, өлкөдөгү электр энергиясы хаосу Орусиянын Харьковдогу критикалык инфраструктураларына карата абадан жасаган ракеталык соккуларынан улам пайда болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын аскерлери ээлеп алган Харьков облусуна украин армиясы кайра чабуул жасап, аталган аймактын бир канча бөлүгүн орус аскерлеринен бошоткон. Учурда украиналык басылмалар Харьковдогу орус аскерлери курчоодо калып, багынып бере баштаганын жазууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM