Connect with us

«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Кыска кабар | 10 Сен 2022 | 204 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдында «Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Чечим президенттин «Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык, улуттук киноискусствону өнүктүрүү жана сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы «Кыргызсериалдын»  уставын иштеп чыгуусу жана бекитүүсү, уюштуруу жана башка чараларды көрүү тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM