Парламенттин «Элдик» депутаттык тобу Бишкек шаардык таштанды полигонунда көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаанын экологиясына жана шаар тургундарынын ден соолугуна терс таасир тийгизип жаткан жагдайды чечүү маселесин жеринде талкуулашты.
Жыйынга мэр Эмилбек Абдыкадыров баштаган Бишкек шаарынын тиешелүү жетекчилери, Башкы прокуратуранын жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-апрелинде да көчмө жыйын уюштурулуп, тийиштүү кызмат адамдары менен биргеликте кеңири талкуу өткөрүлгөн.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы таштандыны рекультивациялоого жана жаңы полигон курууга 22 млн евро бөлгөн. 22 млн евронун кайда коротулганын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Мирлан Самыйкожо бул жаатта олуттуу мыйзам бузуулар бар экенин айтып, керектүү маалыматтарды толук изилдеп чыгуу зарылчылыгын кошумчалады.
Муну менен катар депутаттар кийинки жыйынга башкы прокуратура аталган маселе боюнча кеңири маалымат бериши керектигин белгилешти.