Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммиттинде Белоруссиянын уюмга кошулуу процесси башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2022 | 638 | 0

Белоруссиянын Шанхай кызматташтык уюмуна кошулуу процесси Самаркандда өтө турган саммитте башталат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Мария Захарова ТАСС агенттигине билдирген.

«Саммитте бир катар перспективдүү чечимдер кабыл алынары күтүлүп жатат. Ошондой эле Белоруссиянын ШКУга кошуу боюнча процесстерге да старт берилет», — деп билдирген Захарова.

Мындан сырткары Иран ШКУга байкоочу мамлекет катары меморандумга кол коюп, милдеттенмелерди алат.

Белгилей кетсек, 15-16-сентябрда Самаркандда ШКУ саммитти өтөт. Шавкат Мирзиёевдин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, ШКУ саммиттине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Орусия президенти Владимир Путин, Кытай лидер Си Цзиньпин, Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди, Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шариф,Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан президенти Эмомали Раҳмон, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Иран президенти Ибрахим Раиси, Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Туркия президенти Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжан президенти Илхам Алиев, Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов жана Армения өкмөт башчысы Никол Пашинян катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM