Биз менен байланышыңыз

9-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 8 Сен 2022 | 660 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +24…+29,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +30…+32 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM