Биз менен байланышыңыз

Депутаттар өспүрүм кызга жасалган зомбулук маселесин көтөрүштү (видео)

Кыска кабар | 7 Сен 2022 | 520 | 0

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон 14 жаштагы өспүрүм кыздын өлүмүн иликтөө жана көзөмөлдөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Депутат Тазабек Икрамов акыркы күндөрдө коомдо зордук-зомбулук маселеси күч алганын белгилеп, кылмышкерлерге карата чараларды күчөтүү боюнча Өкмөт мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, Жогорку Кеңешке алып келүүсүн сунуштады.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев буга чейин «Бачабаздарды аёосуз жазалоо боюнча» кабыл алынган мыйзамдын аткарылышы боюнча өкмөт келип жооп берүүсүн талап кылды.

Кадамжай районунан шайланган депутат Ырысбек Атажанов Кадамжайдагы окуя боюнча Ички иштер министрлиги жана тиешелүү органдар бүгүн парламентке келип маалымат берүүсүн күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

4-сентябрда Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон секелек кыздын сөөгү табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган тургуну К.А. аттуу мектеп окуучусу экени аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Халмион айыл аймагынын үч тургуну кармалган.

Кармалган 1997-жылы туулган М.Ш.,1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM