Бишкекте көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатындагы батирден өрт чыгып, эки адам иске ууланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрттөн болжол менен 15 чарчы метр пластик эшик, жыгач терезе жана үй-тиричилик буюмдары күйгөн.
Өрттүн кесепетинен И.Д. аттуу эркек жана А.А. аттуу аял иске ууланып, ооруканага жеткирилген.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган.