Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +26…+31,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +31…+33 градус болот.