Баткен облусунун Кадамжай районунда окуучу кыздын зордукталып, өлтүрүлүшүнө байланыштуу жер-жерлердеги мечиттерде тарбия, ыйман, адеп-ахлак, зынанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети боюнча баяндамалар жасалат.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.
Зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча баяндамалар мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин жасалат.
4-сентябрда киши колдуу болгон 8-класстын окуучусунун сөөгү табылган. Аны мыкаачылык менен өлтүрүүгө 3 тургун кармалган.
Президент Садыр Жапаров бул окуя боюнча үн катып, кылмышка шектүүлөр катуу жаза алышы керектигин айтып, Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына зордук-зомбулуктардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырганын билдирди.