Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга германиялык туристтер келди

Кыска кабар | 6 Сен 2022 | 369 | 0

Кыргызстанга туристтик поезд менен германиялык туристтер келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Быйыл август айында германиялык Lernidee Erlebnisreisеn GmbH туристтик компаниянын өкүлдөрү келе турган  коноктор үчүн Кыргызстандын ичиндеги темир жол аркылуу туристтик турга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен «Кыргыз темир жолу» ишканасына кайрылышкан.

Мекеме бул турга ар тараптуу көмөк көрсөтүп, туристтик поезддин өлкө ичинде темир жол менен жүрүү шартын, коопсуздугун камсыздап берген.

Туристтер Германиядан учак менен Алматы шаарына 4-сентябрда келишкен. Андан соң 5-сентябрда тур үчүн жаңы түзүлгөн поезд менен Кыргызстанга келишкен. Алар Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда болуп, Ысык-Көлдү кыдырып чыгышы.

Бүгүн, 6-сентябрда туристтик поезд  Бишкек шаарына келди. Коноктор туркомпания уюштурган программанын калган бөлүгүн көрүшөт. Кыргызстандан кийин Өзбекстанга барышып, андан соң Германияга кайтышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM