Биз менен байланышыңыз

Путин Самарканддагы ШКУ саммитине катышат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2022 | 524 | 0

Шанхай кызматташтык уюмунун Самаркандда өтө турган саммитине Орусиянын президенти Владимир Путин катышат. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Путин чындыгында эле, Самаркандда өтө турган ШКУ саммитине катышууну пландаштырууда. Биз өтө маанилүү иш-чара болушун күтүп жатабыз. Чындыгында Орусия президенти бул саммиттин алкагында бир катар эл аралык мамилелерди пландаштырууда», — деп кошумчалаган Песков.

Эске салсак, ушул жылдын 15-16-сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында ШКУ саммити болуп өтөт. Ага мүчө мамлекеттер Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери катышат.

Иран жана Беларусь өлкөлөрү бул уюмга мүчө болууну пландаштырууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM