Биз менен байланышыңыз

Кытайдагы жер титирөөдө каза болгондор саны 65ке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2022 | 634 | 0

Кытайдын түштүк-батышындагы Сичуан провинциясынын Лудин уездинде болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 65ке жетти. Бул тууралуу Синхуа агенттиги маалымдады.

Жер титирөөнүн күчү 6,8 баллга жеткен. Соңку маалыматтар боюнча  Гардзе-Тибет айылдык округунда — 37, Яан шаарынын Шимиан уездинде — 28 адам каза тапкан. Ошондой эле 12 адам дайынсыз жоголгон. Ал эми жаракат алгандар 248 адам, анын ичинен 56сынын абалы оор.

Кытай сейсмология борборунун маалыматында, жер титирөө 5-сентябрь күнү Пекин сааты боюнча 12:52де болгон.

Зилзаланын очогу 16 км тереңдикте жайгашкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM