Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн милицияга тиешеси жок

Кыска кабар | 6 Сен 2022 | 172 | 0

Кадамжайда өспүрүм кыздын өлүмүнө шектелип кармалган  үч жарандын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул иштин калыс тергелиши Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин жеке көзөмөлүндө.

4-сентябрда Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон өспүрүм кыздын сөөгү табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган тургуну К.А.аттуу мектеп окуучусу экени аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Халмион айыл аймагынын үч тургуну кармалган.

Кармалган 1997-жылы туулган М.Ш.,1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Г.Д. аттуу шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын «Хундай-Соната» үлгүсүндөгү унаа далил катары алынган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, социалдык тармактарда жарандар аталган кылмышты жасагандардын арасында милиция кызматкери бар экендигин жазышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM