Биз менен байланышыңыз

Британиянын жаңы өкмөт башчысы — Лиз Трасс

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2022 | 396 | 0

Британиянын жаңы өкмөт башчылыгына Консерваторлор партиясынан 47 жаштагы Мэри Елизабет Трасстын талапкерлиги тандалды. Кечээ, 5-сентябрда консерваторлор партиясынын ичиндеги добуш берүүнүн натыйжасында, Елизабет Трасс 81 326 добуш алды. Ал эми анын атаандашы Риши Сунакка 60 399 адам добуш берди.

Трасс эми Консерваторлор партиясынын жетекчилигинде Борис Жонсондун ордун ээлейт.

Тагыраак айтканда, Борис Жонсон ханышага өзүнүн отставкасын билдирип, Трассты жаны өкмөт башчы катары сунушташы керек. Ханыша Елизавет II менен жолугушуудан соң, Лиз Трасс расмий түрдө өкмөт башчы болот.

Белгилей кетсек, британ парламентиндеги көпчүлүктү түзгөн консерваторлордун башчысы, мурунку өкмөт башчы Борис Жонсон 7-июлда отставкага кеткен.

Лиз Трасс буга чейин Британиянын тышкы иштер министри болчу. Ал учурда 47 жашта. Жогорку билимин Оксфорддо алып, Дэвид Камерондун өкмөтүндө Айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министри кызматын аркалаган. Тереза Мейдин өкмөтүндө юстиция министри, Борис Жонсондун өкмөтүндө тышкы соода министри, андан соң өткөн жылдын сентябрынан тарта өлкөнүн тышкы иштер министри болгон.

Өкмөт башчылыкка Лиз Трасс менен атаандашкан Риши Сунак, учурда 42 жашта. Британиянын мурунку каржы министри. Ата теги индиялык болгон Риши Сунак Стэнфорд сыяктуу белгилүү окуу жайларда, экономика, каржы, философия жана саясий илимдер боюнча сабак алып, дүйнөдөгү эң ири каржы корпорацияларында эмгектенген. Өзү негиздеген инвестициялык компаниянын да кирешеси өтө жогору болуп, ал британ саясатчыларынын арасында эң бай адамдардын катарына кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM