Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүү үч адам кармалды

Кыска кабар | 6 Сен 2022 | 960 | 0

Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон өспүрүм кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-сентябрь саат 15:25 чамасында Кадамжай милициясына Ноогардан айылындагы бакта белгисиз кыздын сөөгү жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

Окуя болгон жерди кароо учурунда эки колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз кыздын сөөгү табылган.

Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган тургуну К.А.аттуу мектеп окуучусу экени аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Халмион айыл аймагынын үч тургуну кармалган.

Кармалган 1997-жылы туулган М.Ш.,1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Г.Д. аттуу шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын «Хундай-Соната» үлгүсүндөгү унаа далил катары алынган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM