Биз менен байланышыңыз

“SOS — Балдар айылы” программасынын 20 жылдыгы белгиленди

Кыска кабар | 3 Сен 2022 | 394 | 0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “SOS — Балдар айылы Чолпон-Ата” программасынын 20 жылдыгы белгиленди. Ага Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева катышты.

Иш-чарага Кыргызстан, Орусия, Армения, Беларусь жана Өзбекстандан тарбиялоочу энелер да келди.

Асель Чынбаева мамлекет тарабынан оор кырдаалга кабылган балдардын жашоосун жакшыртууга бардык аракеттер көрүлүп жатканын, балдарды колдоо боюнча ченемдик-укуктук актылар кабыл алынып жатканын белгиледи.

Маалыматка караганда, “SOS айылынын” ишмердүүлүгүнө  каржылоонун 50% мамлекет тарабынан бөлүнөт. Фостердик мекемелерди түзүү боюнча адистерди окутуу иштерине көп көңүл бурулууда.

Белгилей кетсек, учурда дүйнөнүн 134 өлкөсүндө 500дөн ашык “SOS — Балдар айылы” курулган. Кыргызстанда эки “Балдар айылы” бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM