Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Бардык мамлекеттик органдар санариптештирүү тууралуу маалыматтарды берди

Кыска кабар | 3 Сен 2022 | 699 | 0

Президент Садыр Жапаров буга чейин бир катар министрликтерге жана мамлекеттик органдарга санариптештирүү иштеринин жүрүшү тууралуу 1-сентябрга чейин маалымат берүүнү талап кылган. Андан кечиксе министрлик жана мекемелердин жетекчилери иштен алынарын эскерткен.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев 3-сентябрда билдирүү таратып, мамлекет башчынын эскертүүсүнөн кийин бардык министрликтер жана мамлекеттик органдар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тиешелүү маалыматтарды бергенин айтты.

«Мамлекеттик башкаруу системасын санариптештирүү процесси өлкөнүн жогорку жетекчилигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана ал ар дайым президенттин көзөмөлүндө турат» , — деди Султанбаев.

Copyright © 2017 Maral FM