Биз менен байланышыңыз

Кытайга бара турган кыргызстандыктар «Жашыл ден соолук QR кодун» алыш керек

Кыска кабар | 3 Сен 2022 | 203 | 0

Кытайга бара турган Кыргызстандын жарандары учардын алдында КЭРдин Кыргызстандагы элчилигинен «Жашыл ден соолук QR кодун» алышы керек.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бул үчүн элчиликтин расмий сайтында (http://kg.china-embassy.gov.cn) жарыяланган кытай тарабынын бардык талаптарын аткаруу зарыл.

Мындан тышкары, үчүнчү өлкө аркылуу Кытайга транзит менен бара жаткан бардык жүргүнчүлөр Кытайга учар алдында транзиттик өлкөдө тиешелүү процедураларды кайталап, ал өлкөдөгү Кытайдын дипломатиялык/консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жаңы «Жашыл ден соолук QR кодун» алыш керек.

Кытайга авиакаттамга отурардын алдында мобилдик телефон аркылуу «Жашыл ден соолук QR кодунун» электрондук версиясын авиакомпаниянын өкүлдөрүнө текшерүү үчүн көрсөтүш керек. «Жашыл ден соолук QR коду» болбосо, кытай бийлигинин талаптарына ылайык, авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдү рейске отургузууга уруксат бербейт.

КЭРге кирүүгө түз авиакаттамдар менен же үчүнчү өлкө аркылуу бир гана транзит менен уруксат берилет.

Акыркы маалыматтар боюнча, кээ бир авиакомпаниялар Кытайга учаар алдында жүргүнчүлөрдү өз каражаттарынын эсебинен ПЦР-тест тапшыртып, жамааттык карантинден өтүүнү талап кылышат.

Мисалы, Бишкек-Үрүмчү рейси менен Кытайдын «Түштүк авиакаттамы» авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдөн Кытайга учканга чейин 5 күндүн ичинде мейманканада жамааттык карантиндик байкоодон өтүшүн талап кылат.

Мындан тышкары, Кытайга баргандан кийин, КЭР бийликтери тарабынан кабыл алынган акыркы карантиндик эрежелерге ылайык, бардык жүргүнчүлөр өз каражаттарынын эсебинен төмөнкү формула боюнча Кытайга келген шаарда обсервациядан өтүшү керек: 7 күн (мейманканада) + 3 күн (үйдө карантиндик байкоо).

Ошол эле учурда, эгер жүргүнчү Кытайга келген шаарда үй карантининен өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда ал мейманканада 10 күн обсервацияда болот (эскертүү: Кытайдын аймагына жана эпидемиологиялык абалга жараша) мейманканада жамааттык карантиндин мөөнөтү жогоруда көрсөтүлгөн 7+3 күндөн да ашык болушу мүмкүн).

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кытайда жашыл QR коду, коомдук жайларда жүрүү карталарын, анын ичинде ички каттамдарга отуруу учурунда, мобилдик телефондор аркылуу текшерүү системасы киргизилген. Бул тиркемелер «WeChat» же «Alipay» аркылуу ачылат.

Буга байланыштуу кыргызстандык жарандар бул колдонмолорго алдын ала катталып, ден соолук жана жүрүүчү карталарынын жашыл QR коддорун алышы керек, ансыз Кытайдын аймагында жүргөндө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM